Бишкекте «Педагогикалык ойлордун жана билим берүүнүн тарыхы» аттуу окуу куралынын бет ачары өтөт

 Бишкекте «Педагогикалык ойлордун жана билим берүүнүн тарыхы» аттуу окуу куралынын бет ачары өтөт

2024-жылдын 6-декабрында (жума) кыргыз окумуштуулары тарых илимдеринин доктору, профессор Алмазбек Бейшеналиев менен педагогика илимдеринин доктору, профессор Салидин Калдыбаевдин биргелешип жазган «Педагогикалык ойлордун жана билим берүүнүн тарыхы» аттуу окуу куралынын бет ачары саат 10:00дө К.Баялинов атындагы балдар китепканасында өтөт.
Китептин бет ачарына кыргыз педагог окумуштуулары, жогорку окуу жайларынын педагогика кафедрасынын окутуучулары, окуу жайдын жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Жусупбекова Надира Сынташевна, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт, жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу да катышат.
Жыйында китептин авторлорунун китептин мазмуну, камтылган идеялары, дүйнөлүк алкакта таалим-тарбиялоонун жана педагогикалык ойлордун пайда болушунан баштап, учурдагы абалына чейинки мезгилди камтыган маалыматтары баяндалат. Китептин расмий рецензенттери, п.и.д., профессор, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын ардактуу академиги Эсенбек Мамбетакуновдун, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин педагогика кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент Миргүл Эсенгулованын баяндамалары, педагог окумуштуулардын пикирлери айтылат.

Связанный пост