Бишкекте органикалык азыктардын жарманкеси өтөт
Бүгүн, 25-сентябрда Бишкекте Улуттук органикалык айыл чарба күнүнө карата жарманке өтөт.
Мэриядан билдиришкендей, иш-чара Тыналиев көчөсү, 38 дарегинде, Абдулкерим Сатук Буурахан атындагы мечиттин батыш тарабында уюштурулат.
Жарманкеде ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн айыл чарба жана башка продукциялары сунушталат.
Иш-чаранын максаты — жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо, органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү жана туура тамактанууну жайылтуу.