Бишкекте мыйзамсыз курулуштарга уруксат бергендерге кылмыш иши козголду

 Бишкекте мыйзамсыз курулуштарга уруксат бергендерге кылмыш иши козголду

Бишкекте С.Каралаев көчөсүндөгү мыйзамсыз курулуштарга уруксат берген кызмат адамдарына карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан шаар куруу жана архитектура жаатындагы мыйзам талаптарынын сакталышына текшерүү жүргүзүлгөн. Анда курулуш тармагындагы мамлекеттик контролдоочу органдардын кызмат адамдары тарабынан Бишкек шаарынын С.Каралаев көчөсүндөгү (Суеркулов көчөсүнөн Койбагаров көчөсүнө чейинки аралыктагы) жалпы пайдалануудагы жерлер болуп эсептелинген аймакта курулган эс алуу, автоунаа жуугуч жана башка ар кандай объектилерин долбоорлоого жана курууга уруксаат берилүүчү документтер мыйзамсыз даярдалып берилгендиги аныкталган.

Аталган факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Связанный пост