Бишкекте Кытайга айыл чарба продукциясын экспорттоо маселеси талкууланды

 Бишкекте Кытайга айыл чарба продукциясын экспорттоо маселеси талкууланды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде агроөнөр жай комплекси өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу болуп өттү.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда негизинен Кыргызстандын айыл чарба продукциясын Кытайга экспорттоо маселеси талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө министрликтин өкүлдөрү ишкерлерди Кытайга экспорттоо боюнча учурдагы абал тууралуу маалымат берип, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жана продукциясынын артыкчылыктуу түрлөрүн белгилешти. Ошондой эле экспорттоочулар туш болгон негизги кыйынчылыктар талкууланды.

Жолугушууга тармактык ассоциациялардын, кластерлердин жана экспорттоочу ишканалардын өкүлдөрү катышты.

Катышуучулар ветеринардык жана фитосанитардык талаптар, логистика жана Кытай рыногунда продукцияны сатуу механизмдери сыяктуу экспорттук тоскоолдуктарды талкуулашты. Ошондой эле кыргыз продукциясын Кытай рыногунда активдүү илгерилетүү боюнча стратегияларды иштеп чыгууга өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кытайга экспорттоого даяр болгон компаниялардын жана экспорттоочулардын тизмесин түзүү, ошондой эле кыргыз продукциясын жылдыруу жана сатуу каналдарын кеңейтүү боюнча иштерди күчөтүү чечими кабыл алынды.

Министрлик мындай жолугушууларды бизнес-коомчулук менен натыйжалуу кызматташууну камсыздоо жана экспорттоочуларды колдоо максатында, Бишкекте гана эмес, өлкөнүн аймактарында да үзгүлтүксүз өткөрүүнү пландаштырууда.

Связанный пост