Бишкекте коомдук транспорт штаттык режимде иштеп жатат

 Бишкекте коомдук транспорт штаттык режимде иштеп жатат

Борбор калаадагы коомдук транспорт шаардыктарды штаттык режимде тейлейт.

Саат 9:00гө карата линияда 116 троллейбус, Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасынын 405 автобусу, “Жүргүнчүлөрдү ташуу башкармалыгы” муниципалдык ишканасынын 313 автобусу жана “Эко жүргүнчүлөрдү ташуу” ЖЧК тарабынан 113 жеке автобус иштөөдө.

Ошондой эле шаар боюнча 621 кичи автобус каттап жатат.

Связанный пост