Бишкекте КМШ Кеңешинин жыйынына катышуучу мамлекет башчыларын тосуп алуу аземи болду

 Бишкекте КМШ Кеңешинин жыйынына катышуучу мамлекет башчыларын тосуп алуу аземи болду

Бүгүн, 13-октябрда, Бишкекте Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Кеңешинин жыйынына катышуучу өлкө башчыларын тосуп алуу аземи болду.

Жыйынга катышуу үчүн Кыргызстанга Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев, ошондой эле КМШнын Башкы катчысы Сергей Лебедевдер келишти.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров КМШ өлкөлөрүнүн лидерлерин “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясындагы конгресс-холлдон тосуп алды.

Тосуп алуу аземи жана биргелешип сүрөткө түшүү аяктагандан кийин мамлекет башчылары КМШ Кеңешинин чакан курамдагы жыйынына катышуу үчүн залга киришти.

Связанный пост