Бишкекте каналга түшүп кеткен “Тазалыктын” үч кызматкеринин тең сөөгү табылды
Бишкек шаарынын Свердлов районунда 30-декабрда Жылуулук электр борборунун (ТЭЦ) техникалык каналына түшүп кеткен 3 жаран толук табылды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жүргүзүлгөн издөө-куткаруу иш-чараларына Кыргыз Республикасынын ӨКМнин куткаруучулары тартылып, ыкчам аракеттердин натыйжасында жарандардын бардыгы табылган.
2025-жылдын 30-декабрында изделип жаткан жарандардын биринин сөөгү аталган каналдан табылып, Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. 31-декабрда саат 09:50 чамасында экинчи жарандын сөөгү ӨКМ куткаруучулары тарабынан табылган. Ал эми бүгүн, 1-январь күнү, издөө иштеринин жүрүшүндө үчүнчү жарандын денеси табылып, тиешелүү тартипте милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Издөө иштери толук аяктады.