Бишкекте иттерди сейилдетүү үчүн 3 атайын аянтча түзүлүүдө

 Бишкекте иттерди сейилдетүү үчүн 3 атайын аянтча түзүлүүдө

Бишкекте иттерди коопсуз сейилдетүү үчүн үч атайын аянтча түзүлө баштады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Жаңы аянтчалар Тоголок Молдо атындагы скверде, Иманалы Айдарбеков көчөсүндө жана Эркиндик бульвары менен Ж. Бөкөнбаев көчөсүнүн кесилишинде жайгашат.

“Эң чоң аянтча Эркиндик бульвары менен Ж. Бөкөнбаев көчөсүнүн кесилишинде болжол менен 300 чарчы метр жерди ээлейт. Аймак 1,8 метр бийиктиктеги тосмо менен курчалып, иттердин эркин сейилдөөсү үчүн чөптүү аянт, оюн конструкциялары, суу түйүнү жана таштанды челектери орнотулат”, – деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле келүүчүлөр үчүн бастырма, отургучтар жана үстөлдөр коюлат. Кире бериште жаныбарлардын сыртка чыгып кетишин алдын алган эки катар дарбазалуу тамбур каралган.

Связанный пост