Бишкекте Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушун тездетүү маселеси талкууланды

 Бишкекте Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушун тездетүү маселеси талкууланды

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жолушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, жолугушууда “Камбар-Ата-1” ГЭСинин долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесине басым жасалып, долбоорду ишке ашырууну тездетүү жана илгерилетүү максатында бир катар маселелер талкууланды. Алсак:

 

1. “КА-1 ГЭСинин” ТЭНин актуалдаштыруу маселеси;

 

2. “КА-1 ГЭСинин” негизги курулмаларына 500 млн АКШ доллар акча каражатын бөлүү;

 

3. Эл аралык энергетикалык инвестициялык форумга даярдыктарды илгерилетүү маселелри.

 

Ошондой эле Дүйнөлүк банк тарабынан берилүүчү 500 млн долларга кайсы иштер, кандай этапта башталышы жөнүндө талкуу жүрдү. План боюнча №1 жана №2 суу өткөрүүчү туннелдерди, транспорттук туннелди куруу иштери каралды.

 

Маалыматка ылайык, мурунку күнү энергетика министрлигине караштуу “Курулуп жаткан ГЭСтер” ААКтын башкы директору Т.Толубаев менен биргеликте Дүйнөлүк банктын гидроэнергетика, тосмо, социалдык өнүктүрүү, айлана-чөйрөнү коргоо, сатып алуу боюнча адистери “Камбар-Ата-1” ГЭСнин курулуш долбоорун жеринде көрүп келишкен.

Дүйнөлүк банктын адистеринин “КА-1” ГЭСине болгон сапарынын алкагында техника-экономикалык негиздеменин жаңылануусунан тышкары экономикалык, экологиялык суроолор талкууланып, электр энергияны өндүрүп чыгуу, гидротехникалык суу режими, тосмонун курулушу ж.б темалар көтөрүлүп, жеринде тийиштүү жетекчилерден жооптор алынды. Ошондой эле алар ГЭСти курууга болгон даярдык иштеринин бүгүнкү күндөгү аткарылган жумуштарын жеринде көрүп, күбө болушту.

 

Ал эми энергетика министрлиги менен болгон жолугушуунун алкагында “Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу” долбооруна “улуттук” статус берилгендиги жана бул ГЭС келечекте бизге энергетикалык коопсуздукту, көз карандысыздыкты камсыз кылуучу ири долбоор экенине басым жасалып, аны курууга болгон ар бир иш убагында, так аткарылуусу зарыл экени баса белгиленди.

 

Жыйындын соңунда ТЭНди актуалдаштыруу боюнча компания тандалып жатканына байланыштуу ГЭСтин курулушуна болгон талаптар айтылып, өз учурунда тараптардын бири-бирине болгон суроолоруна жооптор алынды.

Связанный пост