Бишкекте “Бир айыл – бир продукт” долбоорун ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы иштелип чыгууда

 Бишкекте “Бир айыл – бир продукт” долбоорун ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы иштелип чыгууда

Борбор калаанын мэриясы Бишкек шаарында “Бир айыл – бир продукт” Элдик экономикалык (БАБП) долбоорун  ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын бекитти.

Иш-аракеттер планы Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) консультациялык колдоосу менен иштелип чыккан.

Ал жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда маалыматтык кампанияны өткөрүүгө көмөктөшүү боюнча иш-чараларды камтыйт, инвесторлорду жана ишкерлерди БАБП  маркасындагы продукцияларды өндүрүү жана аларды ички жана эл аралык рынокто сатууга тартуу, ошондой эле БАБП маркасындагы продукцияны өлкөнүн жана Бишкек шаарынын мэриясынын расмий иш-чараларында колдонуу.

Долбоор Кыргыз Республикасынын Президентинин №29 “Бир айыл – бир продукт” эл чарба долбоору жөнүндө жарлыгын аткаруу максатында ишке ашырылууда.

Связанный пост