Бишкекте башкы балаты орнотула баштады

 Бишкекте башкы балаты орнотула баштады

Бишкектеги Ала-Тоо аянтында өлкөнүн башкы балатысын орнотуу иштери башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, орнотуу иштерин “Тазалык” жана “Бишкекжарык” муниципалдык ишканаларынын кызматкерлери жүргүзүүдө.

Башкы балатынын бийиктиги 32 метрди, диаметри 13 метрди түзөт. Анын металл каркасына 3 миң 800 даана ийне жалбырактуу дарактын бутагы бекитилет.

Борбор калааны Жаңы жылга карата жасалгалоо иштери декабрь айынын ортосуна чейин уланат.

Связанный пост