Бишкекте Айтматов проспектисине жер астындагы өтмөк жана аялдамалардын курулушу башталды

Бүгүн, 1-январда Бишкек шаарынын Чыңгыз Айтматов проспектисинде жер алдындагы жөө өтмөктөрдү жана заманбап аялдама комплекстерди куруу иштери башталды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, долбоордун алкагында Семетей көчөсүнөн А. Масалиев проспектисине чейинки тилкеде 4 жер алдындагы өтмөктү куруу пландалууда.

Ч.Айтматов проспектисиндеги бир жер алдындагы өтмөк пайдаланууга берилди.

Мындан тышкары, Ахунбаев көчөсүнөн Семетей көчөсүнө чейинки аралыкта заманбап талаптарга жооп берген 16 жаңы аялдама комплекси орнотулат.

Курулуш иштеринин башталышына байланыштуу Чыңгыз Айтматов проспектисинин А. Масалиев проспектисинен Семетей көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылды.

Белгилей кетсек, иштер майрамдык эс алуу күндөрүндө башталды. Бул шаардыктарга келтирилген ыңгайсыздыктарды азайтуу максатын көздөйт.

Связанный пост