Бишкекте абанын сапаты жакшырганы айтылды

 Бишкекте абанын сапаты жакшырганы айтылды

Акыркы жылдары Бишкекте атмосфералык абанын сапаты жакшырып жатат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин атмосфералык абаны коргоо бөлүмүнүн башчысы Нурсултан Ташыбек уулу маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Кыргызгидромет атмосфералык абанын булганышы боюнча мониторинг жүргүзүүчү жана маалыматтарды жалпылоочу атайын ыйгарым укуктуу орган болуп саналат.

“Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, атмосферанын булгануу индекси бар, акыркы беш жылда ал жакшы жыйынтыктарды көрсөтүүдө. Көрсөткүчтөр атмосфералык абанын куб метрине карата миллиграмм менен берилген, бул — орточо жылдык көрсөткүчтөр”, – деди ал.

Алсак, 2020-жылы көрсөткүч куб метрине 0,033 миллиграммды түзсө, 2021-жылы — 0,029, 2022-жылы — 0,040, 2023-жылы — 0,034, 2024-жылы — 0,023, ал эми 2025-жылдын орточо жылдык көрсөткүчү 0,024 миллиграммды түздү.

Нурсултан Ташыбек уулу быйылкы көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу бир аз жогорулаганын, бирок мурунку жылдары ал 0,040ка чейин жеткенин белгиледи. Бул жалпысынан кырдаалдын байкалаарлык жакшырганынан кабар берет.

Ал белгилегендей, эгер шаардан жогорураак деңгээлге чыгып караса, панорамалык көрүнүштө түтүн көрүнүп турат. Ошол эле учурда борбор калаа өсүп, конуштардын жана калктын саны көбөйүп жатканын эске алуу зарыл.

Көрүлгөн чаралар тууралуу айтып жатып, ал иш комплекстүү түрдө жүрүп жатканын, мисалы, газдаштыруу маселеси чечилип жатканын билдирди.

“Бүгүнкү күндө газга туташуулар болуп жатат, бирок баарын жапырт кошуу мүмкүн эмес. “Газпромдун” да мүмкүнчүлүгү чектелүү, жарандардын өздөрү да дароо кошула алышпайт. Биз жеңилдетилген насыяларды берип жатабыз, бирок каалоочулар өтө аз болууда, учурда түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз», – деди ал.

Адис жарандарды бул маселеге түшүнүү менен мамиле кылууга чакырды. Анын айтымында, күз келгенден бери жарандар таштандыларды жана жалбырактарды өздөрү өрттөп жатканын байкоого болот.

Анын айтымында, “Газпромдун” эсеби боюнча, газ жана көмүр менен жылытуунун айырмасы анчалык деле чоң эмес — болжол менен 5 миң сомду түзөт.

Связанный пост