Бишкекте 90 миң доллар пара алган 2 адам кармалды, алардын бири ИИМ кызматкери
Бишкекте 90 миң доллар пара алган 2 адам кармалды, алардын бири ИИМ кызматкери. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 14-декабрда Кыргызстандын укук коргоо системасындагы коррупцияны жоюу боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын натыйжасында атайын кызмат тарабынан 90 миң доллар накталай акча алып жаткан жеринен Кыргызстандын жараны Ж.К.Т. кармалган. Ал өзүнүн кылмыштуу шериги ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкери М.А.Ж. менен биргеликте кылмыштын квалификациясын өзгөртүүгө көмөктөшүү шылтоосу менен 180 миң доллар акча талап кылышкан.
Мындан тышкары, Ж.К.Т. аттуу жаранга таандык унааны тинтүү учурунда жалпы салмагы 105 грамм болгон баңгизат табылган.
Жогорудагы адамдар УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Бул кылмышты жасоого тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.