Бишкекте өз өмүрүнө кол салууга аракет кылган аял куткарылды

 Бишкекте өз өмүрүнө кол салууга аракет кылган аял куткарылды

Бишкекте өз өмүрүнө кол салууга аракет кылган аял куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чыгыш-5 кичи районунда белгисиз аял өз өмүрүнө кол салууга аракет кылып жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Маалымат түшөөрү менен окуя болгон жерге куткаруучулар ыкчам барып, кесипкөйлүк жана өз убагында көрүлгөн аракеттин натыйжасында аял аман-эсен куткарылды.

Жаран андан ары тийиштүү жардам көрсөтүү жана жагдайды тактоо үчүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Связанный пост