Бишкекте үч эм төрөлдү
Үстүбүздөгү жылдын 15-мартында №2 клиникалык төрөт үйүндө Бишкек шаарынын 35 жаштагы тургуну кош бойлуулугунун 36 жумалыгында кесарево жолу менен үч эм төрөгөн. Бул анын төртүнчү төрөтү.
Ымыркайлардын төрөлгөндөгү салмагы: кыз – 2 кг 40 гр, эркек бала – 2 кг 270 гр, эркек бала – 2 кг 940 гр.
Эне менен ымыркайлардын абалы туруктуу, медициналык кызматкерлердин көзөмөлүндө.