Бишкек жана Чүйдү газдаштырууга 9 млн сом жеңилдетилген насыя берилди
Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштырууга 9 млн сом насыя берилди. Бул тууралуу Фианансы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, газдаштыруу боюнча иштерди жүргүзүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо-2” долбоору ишке ашырылууда. Белгиленгендей, насыялоонун көлөмү 1 млрд сомду түзөт.
“2024-жылдын 4-июлуна карата бул долбоордун алкагында республиканын 66 каржылоо субъекттерине 9,05 млн сом суммасына жеңилдетилген кредит берилген”, – деп айтылат маалыматта
Эскерте кетсек, жеңилдетилген насыя “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ААК ктарабынан берилүүдө.