Бишкек шаарынын тургундарынын, акимчиликтердин жана МАБ арасында конкурс жарыяланды

 Бишкек шаарынын тургундарынын, акимчиликтердин жана МАБ арасында конкурс жарыяланды

Бишкек шаарында «Эң жакшы короо», «Эң жакшы квартал» жана «Администрациалык район боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын эң жакшы муниципалдык администрациясы», «Бишкек шаарынын мэриясынын эң жакшы муниципалдык аймактык башкармалыгы» жөнүндө конкурстар жарыяланды.

«Эң жакшы короо», «Эң жакшы квартал», «Бишкек шаарынын мэриясынын жакшы муниципалдык аймактык башкармалыгы» конкурстары эки этап менен өтөт:
– биринчи этап администрациалык райондор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациалары тарабынан өткөрүлөт;
– экинчи этап конкурстун биринчи этабынын жеңүүчүлөрүнүн ичинен жеңүүчүлөрдү аныктоо менен Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулат.Конкурстун экинчи этабынын жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөрдү сыйлоо жүргүзүлөт.

«Администрациалык район боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын эң жакшы муниципалдык администрациясы» конкурсу бир этаптан турат.

«Эң жакшы короо» конкурсу эки категория боюнча өткөрүлөт: 1991-жылга чейин пайдаланууга берилген үйлөр жана 1991-жылдан кийин пайдаланууга берилген үйлөр. «Эн жакшы короо» конкурсуна ТЖМЭШ, ТЖКК, ТЖЭК, ТЖЭӨК ошондой эле үй комитеттери, «Эң жакшы квартал» конкурсуна Бишкек шаарынын кварталдык комитеттери катыша алышат.

«Эң жакшы короо» конкурсунун байге фонду 460 миң  сомду түзөт жана төмөндөгүдөй бөлүштүрүлөт:
– 1 – орун – 100 миң  сом, орундардын саны – 2;
– 2 – орун – 80 миң   сом, орундардын саны – 2;
– 3 – орун – 50 миң сом, орундардын саны – 2.
«Эң жакшы квартал» конкурсунун байге фонду 300 миң сомду түзөт жана төмөндөгүдөй бөлүштүрүлөт:
– 1 – орун – 130 миң  сом, орундардын саны – 1;
– 2 – орун – 100 миң сом, орундардын саны – 1;
– 3 – орун – 70 миң сом, орундардын саны – 1.

«Администрациалык район боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын эң жакшы муниципалдык администрациясы», «Бишкек шаарынын мэриясынын эң жакшы муниципалдык аймактык башкармалыгы» номинациялары боюнча конкурстук байге фонду ар бир номинация боюнча 100 миң сомду түзөт.

2023-жылдын 15-августуна чейин конкурска катышуу үчүн табыштамалар кабыл алынат.

Связанный пост