Бишкек шаарынын мэриясы «Бир айыл – бир продукт» долбоорунун алкагында ишти баштады

 Бишкек шаарынын мэриясы «Бир айыл – бир продукт» долбоорунун алкагында ишти баштады
Бишкек шаарын өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу агенттигинин аянтчасында муниципалитет менен Япон эл аралык кызматташтык агенттигинин жана «Бир айыл-бир продукт» долбоорунун өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө өнүктүрүү агенттигинин директорунун орун басары Тимур Абылаев Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 20-февралындагы «Бир айыл-бир продукт» улуттук экономикалык долбоору жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан аракеттер планы иштелип чыгып, бекитилгенин белгиледи.
«Бир айыл – бир продукт» долбоору жергиликтүү ресурстардан өндүрүлгөн улуттук продукцияны өлкө ичинде да, чет өлкөлөрдө да жайылтууга, жаңыдан иш баштаган ишкерлерди колдоого жана өнүктүрүүгө, ошондой эле калктын бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мэриянын аракеттер планында көрсөтүлгөн милдеттерди ишке ашыруу механизмдерин, жакынкы келечекте чечиле турган маселелерди аныктап, «Бир айыл – бир продукт» долбоорун Бишкек шаарында жайылтуу боюнча биргелешкен иштерди жүргүзүүнү макулдашышты.

Связанный пост