Бишкек санитардык полигонунда өрт чыкты

 Бишкек санитардык полигонунда өрт чыкты

“Бишкек санитардык полигону” муниципалдык ишканасынын аймагында өрт чыкты. Бул тууралуу мэрия билдирет.

Маалыматка ылайык, өрт болжол менен кечээ, 28-сентябрда саат 20:30да башталган. Саат 20:45 чамасында полигондун башка тилкесинде да өрт чыккан.

Алдын ала маалымат боюнча, белгисиз адамдар тарабынан полигондун төрт тарабынан атайылап өрт коюлган.

Өрт кырсыгы тууралуу маалымат түшкөндөн кийин “Бишкек санитардык полигону” ишканасынын кызматкерлери дароо окуя болгон жерге барып, кырдаалды көзөмөлгө алышкан. Бирок өрт чыккан жерде аны атайылап койгон адамдарды аныктоого мүмкүн болгон эмес.

Тиешелүү кызматтардын жана муниципалдык ишкананын кызматкерлеринин ыкчам аракеттеринин натыйжасында өрт саат 01:45те толугу менен өчүрүлгөн.

Учурда аталган факт укук коргоо органдарында каттоого алынып, окуянын себептерин жана өрттүн чыгышына тиешеси бар адамдарды аныктоо максатында тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Маселе Бишкек шаарынын мэриясынын өзгөчө көзөмөлүндө турат.

Связанный пост