Бишкек – Ош трассасындагы кар көчкүлөр атайылап түшүрүлөт

 Бишкек – Ош трассасындагы кар көчкүлөр атайылап түшүрүлөт

Бишкек – Ош трассасынын кооптуу аймактарындагы кар көчкүлөр атайылап түшүрүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, унаа жолдун 132-135 жана 198-255-чакырымындарындагы кар көчкүлөр түшүрүлмөкчү.

Мындай чара жол кырсыктарынын алдын алуу, адам өлүмүнө жеткирбөө, материалдык чыгымдарды болтурбоо жана жол каттамын үзгүлтүккө учуратпоо зарылчылыгына байланыштуу жүргүзүлмөкчү.

Связанный пост