Бишкек менен Улан-Батордун калаа башчылары кызматташуу тууралуу макулдашышты

Борбор калаанын муниципалитетинде мэр Эмилбек Абдыкадыров менен Монголиянын борбор шаарынын губернатору жана Улан-Батор шаарынын мэри Хишгээ Нямбаатардын жолугушуусу өттү.

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров конокторду жылуу кабыл алып, Улан-Батор шаары менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө Бишкек шаарынын мэриясы менен Улан-Батор шаарынын мэриясынын биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорун ишке ашырууда, биргелешкен инвестиция тармагында эки тараптуу кызматташуу, ошондой эле ыш көйгөйлөрүн чечүү боюнча шаарлар ортосунда тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды.

Өз кезегинде Монголиянын борбор шаарынын мэри Хишгээ Нямбаатар мэр Эмилбек Абдыкадыров жетектеген муниципалитеттин командасын Улан-Батор шаарына иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.

Эске сала кетсек, 2023-жылдын 9-11-июлунда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Монголияга мамлекеттик сапарынын алкагында Бишкек жана Улан-Батор шаарларынын ортосунда бир тууган шаар мамилелерин түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлган.

Жолугушуунун  жыйынтыгы боюнча тараптар баарлашуу үчүн ыраазычылык билдирип, мындан аркы өз ара пайдалуу кызматташууга үмүт артышты.

Связанный пост