Биргелешкен комиссия кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча ченемдик-укуктук жана техникалык документтерди бекитти

 Биргелешкен комиссия кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча ченемдик-укуктук жана техникалык документтерди бекитти

Самарканд шаарында (Өзбекстан Республикасы) Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын ортосунда сүйлөшүүлөр болду.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жумушчу топтордун жыйындары жана Биргелешкен демаркация комиссиясынын биринчи отуруму өттү.

Жолугушууда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелеринде биргелешкен талаа изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы талкууланды.

Биргелешкен демаркация комиссиясынын жыйынынын жыйынтыгында тараптар мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча ченемдик-укуктук жана техникалык документтерди бекитишти.

Сүйлөшүүлөр достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн маанайында өттү. Иш-чаранын жыйынтыгында тиешелүү протоколдорго кол коюлду.

Связанный пост