Бир жылдык ОСАГО полиси 1680 сомдон башталат

Мындан ары бир жылдык ОСАГО полиси 1680 сомдон башталат. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюму билдирет.
Кырсык болгон учурда:
– Адам өмүрү үчүн — 300 000 сомго чейин;
– Жаракат алгандарга — 100 000 сомго чейин;
– Мүлккө зыян келген учурда — 150 000 сомго чейинки төлөмдөр каралган.
“Адам өмүрү баарынан кымбат! Күтүүсүз келген кырсыктан кудай сактасын! Жол жүргөндө сак болуңуз! ОСАГО менен сиз өзүңүздү, жүргүнчүлөрдү жана башкаларды коргой аласыз “,-деп айтылат уюмдун маалыматында.