Бир жылда өлкөдө ийри мүйүздүү малды жасалма уруктандыруу 9 пайызга өстү
Өлкөдө бир жылда ийри мүйүздүү малды жасалма жол менен уруктандыруу 9 пайызга өстү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2025-жылга жасалма жол менен уруктандыруу максатында сатып алынуучу уруктук материалдардын жалпы көлөмү 270 миң дозаны түзөт.
Бүгүнкү күнгө карата республиканын дээрлик бардык облустарына графикке ылайык 98 миңден ашуун урук материалдары акысыз таратылды.
Андан тышкары, урук менен кошо “Элита” мамлекеттик ишканасында өндүрүлгөн суюк азот (7 тоннадан ашуун) да атайын автоунаа менен райондук ветеринардык башкармалыктар аркылуу региондордогу техник-уруктандыруучуларга берилүүдө.
Жалпысынан 264 техник-уруктандыруучулар менен райондук ветеринардык башкармалыктардын ортосунда кызматташуу боюнча келишимдер түзүлгөн.
2025-жылдын 10 айына карата 74 248 миң баш уй уруктандырылды, бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6 763 башка көп.