Бир аптада 20 миңден ашуун жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды

21-июлдан 27-июлга чейин 20 миң 548 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет.
Анын ичинен:
-Тийиштүү документтери жок унаа башкаруу – 779;
-Мас абалында унаа башкаруу – 324;
-Унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 145;
-Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 999;
-Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3 681;
-Авто ээнбаштык – 56;
-Белгиленген ылдамдыктан ашуу – 3 258;
-Жалган мамлекттик номери менен унаа башкаруу – 7;
-Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 9 588;
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 711 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.