Билим берүү тармагына 2023-жылы 65,3 млрд сомго каржыланат. 2020-жылга салыштырмалуу эки эсеге көбөйдү

 Билим берүү тармагына 2023-жылы 65,3 млрд сомго каржыланат. 2020-жылга салыштырмалуу эки эсеге көбөйдү

Билим берүү тармагына 2023-жылы 65,3 млрд сомго каржыланат. 2020-жылга салыштырмалуу эки эсеге көбөйдү. Бул тууралуу КРнын Финансы министрлигинен маалымдашты.

Кыргыз Республикасында акыркы жылдары республикалык бюджеттин кирешелеринин көбөйүшү менен мамлекеттик, анын ичинде билим берүү тармагына чыгашалардын өсүшү байкалууда.

Билим берүүгө чыгымдардын динамикасы:

– 2019-жыл – 32,6 млрд сом же ИДПга карата 5,5%;

– 2020-жыл – 36,2 млрд сом же 6,0%;

– 2021-жыл – 40,7 млрд сом же 5,6%;

– 2022-жыл – 63,2 млрд сом же 6,9%;

– 2023-жыл – 65,3 млрд сом же ИДПга карата 7,0%.

 

Мындан тышкары, чыгаша статьяларынын эсебинен билим берүү тармагына республикалык бюджеттен социалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө бөлүнгөн.

Капиталдык салымдар:

– 2019-жыл 1,9 млрд сомду же капиталдык салымдардын жалпы чыгашасынын 35%ын түзөт;

– 2020-жылы – 1,2 млрд сом же 38%, 2021-жылы – 1,9 млрд сом же 32%;

– 2022 – 5,7 млрд сом же 33%.

Дем берүүчү гранттар:

– 2019-жыл 183,8 млн сомду же жалпы чыгашалардын 45%ын түзөт;

– 2020- жыл 204,9 млн сом же 59%;

– 2021-жылга 214,2 млн сом же 42%;

– 2022-жылга – 318,5 млн сом же 54%.

Белгилей кетсек, чыгашалардын бул беренелери боюнча негизги үлүшү билим берүү тармагына жумшалат.

Связанный пост