Билим берүү министрлигинде 414 млн сомдук каржы бузуулар аныкталды

 Билим берүү министрлигинде 414 млн сомдук каржы бузуулар аныкталды

Билим берүү жана илим минитсрлигинде жана анын ведомстволук уюмдарында 2022-жылдагы бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудит жүргүзүлдү. Бул тууралуу Эсептөө палатасынан билидришти.

 

Аудиттин жыйынтыгында министрликте жалпы – 414 547,4 миң сомдук каржы бузуулар аныкталды. Анын 78 200 сому калыбына келтирилди, эми дагы 154 180 миң сом калыбына келтирүүгө тийиш. Анын ичинен:

 

КР бюджеттик системасынын бюджетинин долбоорун түзүүдө жана кароодо жол берилген бузуулар – 10 314,4 миң сом; Калыбына келтирүүгө тийиш – 422,8 сом.

КР бюджеттик системасынын бюджеттерин аткаруудагы бузуулар жана кемчиликтер – 150 478,2 миң сом; Калыбына келтирүүгө тийиш – 41 626,7 миң сом; Калыбына келтирилди – 425,1 миң сом.

мүлктү пайдалануудагы бузуулар жана кемчиликтер – 123 839,4 миң сом; Калыбына келтирүүгө тийиш – 87 255,2 мин сом; Калыбына келтирилди – 72 842,3 миң сом.

эсептин жана отчеттуулук тартибин бузуулар – 89 191,1 миң сом; Калыбына келтирүүгө тийиш – 24 539,0 мин сом; Калыбына келтирилди – 4 932,7 миң сом.

мамлекеттик сатып алуулар мыйзамын бузуулар – 39 053,6 миң сом; Калыбына келтирүүгө тийиш – 336,3 мин сом.

коллизиялар жана ченемдик укуктук актыларды жана эл аралык келишимдерди процедуралык бузуулар – 1 670,8 сом.

Аудиттин жыйынтыгы боюнча тиешелүү жазма буйруктар жана сунуштамалар жөнөтүлдү.

Связанный пост