Бийик тоолуу зоналарында жайгашкан калктуу конуштардын тизмеги бекитилди
Министрлер Кабинети кабыл алган токтом менен, Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу зоналарында жайгашкан калктуу конуштардын тизмеги тиркемеге ылайык бекитилди.
Буга чейин, Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Мамкартография” геодезия жана картография боюнча мамлекеттик мекемеси тарабынан бийик тоолуу шарттарда жайгашкан калктуу конуштардын колдонуудагы тизмесинин бийик тоолуу критерийлерине ылайыктуулугу боюнча анализ жүргүзүлүп, жер-жерлерде бийиктик чекиттерин аныктоо үчүн талаа изилдөө иштери жүргүзүлгөн.
Кыргыз Республикасынын “Бийик тоолуу, алыскы жана барууга кыйын шарттарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө” Мыйзамынын 2-1-беренесине ылайык, инвентаризациялоо иштеринин жыйынтыгы боюнча 33 жаңы калктуу конуштар бийик тоолуу деп аныкталган. Ошону менен бирге, 62 калктуу конуштар учурда колдонулган Тизмеден чыгарылган (24 калктуу конуш жоктугуна байланыштуу, 38 калктуу конуш бийиктиги 1800 метрден төмөн болгондуктан).