Беш айда “Коопсуз шаар” долбоорунан 243,8 млн сом түштү

 Беш айда “Коопсуз шаар” долбоорунан 243,8 млн сом түштү

“Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга пландаштыруу мезгили жөнүндө” Мыйзамындагы «Акылдуу шаар» долбоорунун «Коопсуз шаар» компонентинин экинчи этабын ишке ашырууну эске алуу менен 900,0 млн сом өлчөмүндө финансылык каражаттар каралган.

2023-жылы каралган каражаттардын ичинен КР Санариптик өнүктүрүү министрлигине КР Министрлер Кабинетинин 06.06.2022-жылдагы №299 токтомуна ылайык подрядчы «Вега Оперейтинг Компани» ЖЧКсы менен түзүлгөн келишимдерге жана 2022-жылдын октябрь, ноябрь, декабрь айлары жана 2023-жылдын январь айлары үчүн берилген салыштыруу актысына ылайык эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн 45,6 млн сом өлчөмүндө каражат бөлүндү.

2023-жылдын январь-май айларында “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында Республикалык бюджетке 243,8 млн сом түштү.

Связанный пост