Беловодск мунай базасы мамлекетке кайтарылды

 Беловодск мунай базасы мамлекетке кайтарылды

“Кыргызмунайзаттын” Беловодск мунай базасы мамлекеттик баланска кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, 2004-жылы Москва районунун Петровка айылында имараттары жана курулмалары (сыйымдуулугу 36 миң 200 тонна мунай продуктулары үчүн резервуарлар) бар 7,7 гектар аянтты ээлеген мунай базасынын аймагы мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүлүп берилгени аныкталган.

Тергөө иш-чаралардын алкагында аталган мунай иштетүүчү завод мамлекеттик баланска кайтарылды.

Связанный пост