Беларусь Президенти Александр Лукашенко Кыргызстанга келди

Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко Кыргыз Республикасына келди.

 

“Манас” эл аралык аэропортунан Беларусь Президентин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров тосуп алды.

 

Сапардын алкагында Президент Александр Лукашенко үстүбүздөгү жылдын 13-октябрында Бишкек шаарында өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат. Быйыл Кыргыз Республикасы КМШга төрагалык кылууда.

Связанный пост