Бажы төлөмдөрүн QR-код аркылуу төлөөдө бир жумада 40 млн сом түштү
Бажы төлөмдөрүн QR-код аркылуу төлөөдө бир жуманын ичинде бюджетке 40 млн сомго жакын каражат түштү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, Бажы кызматы “Элдик банк” менен биргеликте бажы төлөмдөрүн QR-код аркылуу төлөө процессин санариптештирип ишке киргизген.
“Мамлекеттик бажы кызматы тышкы экономикалык ишмердүүлүккө катышкан ишкерлер үчүн бажы төлөмдөрүн QR-код аркылуу төлөө жаңы кызматын ишке киргизген. Бул ишкерлердин арасында жакшы кабыл алынып, кубатталууда. Мында ишкер кайсы убакытта, кайсы жерде болбосун Бажы кызматынын сайтынан уникалдуу кодду киргизүү менен QR-кодду алып, төлөм жүргүзө алат. Бул ишкерлерге түзүлгөн абдан ыңгайлуу шарт. Ишкерлер төлөм жүргүзгөндөн кийин онлайн түрдө Бажы кызматынын системасына төлөмдөр түшкөнү жөнүндө маалымат келип түшөт”,- деди Салиев.
QR-коддор аркылуу жарандар менен жаңы кайтарым байланыш системасын киргизүүнүн максаты мекемелердин ишин жарандар үчүн ачык жана ыңгайлуу кылуу экенин Бажы кызматынын төрагасы кошумчалады.
Булак “Кабар” агенттиги