Базар-Коргон районундагы Аук айылында заманбап тегирмен ачылды

Базар-Коргон районундагы Аук айылында заманбап тегирмен ачылды.

 

Аук айылында АРИСтин “Жергиликтүү коомчулукту колдоо долбооруна кошумча каржылоо” долбоорунун “Жашоо каражаттарын колдоо” подкомпонентинин каржылоосунан

9 381 09 сом гранттык каражаты жумшалган бул тегирмен райондун элинин буудайын тартып, жогорку, 1-2-сорттогу ундарды чыгарат.

 

АРИС тарабынан:

-30 тонна ун чыгаруучу тегирмен;

-комбикорма чыгаруучу жабдуу;

-Электрокара;

-трансформатор;

-күн панели сатылып алынды.

 

Андан сырткары аталган долбоор тарабынан 73 500 АКШ долларына (6 225 450 сом) гранттык акча каржыланып оруп жыйноочу комбайн берилди.

 

Тегирмендин ачылышына Базар-Коргон районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мирлан Карагулов, АРИСтин Жалал-Абадагы өкүлдөрү, жергиликтүү эл катышты. Салтанаттуу ачылыш Кеңеш айыл аймагынын башчысы Эркин Турдукуловдун жетекчилинде өттү.

 

Жергиликтүү тургундар эл муктаж болуп жаткан бул тегирмен дыйкандарга жеңилдик жаратып, элди арзан ун менен камсыз кылат деп белгилешти.

Связанный пост