Баткенге 53 жаңы жол тейлөө жана жол куруу техникасы алынат

 Баткенге 53 жаңы жол тейлөө жана жол куруу техникасы алынат

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2023-жылдын 23-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы “Баткен облусундагы автомобиль жолдорун жана жол төшөлмөсүн тейлөө үчүн жабдууларды жакшыртуу” долбоору боюнча Алмашуу ноталарын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIСА) ортосундагы “Баткен облусундагы автомобиль жолдорун жана жол төш өлмө сүн тейлөө үчүн жабдууларды жакшыртуу” долбоору боюнча Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2023-жылдын 13-апрелинде кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты – 2023-жылдын 23-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы “Баткен облусундагы автомобиль жолдорун жана жол төшөлмөсүн тейлөө үчүн жабдууларды жакшыртуу” долбоору боюнча Алмашуу ноталарын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIСА) ортосундагы “Баткен облусундагы автомобиль жолдорун жана жол төшөлмөсүн тейлөө үчүн жабдууларды жакшыртуу” долбоору боюнча Гранттык маку лдаш ууну ратификациялоо жол-жобосун жүргүзүү болуп саналат.

Гранттык макуулдашууда Баткен облусундагы автомобиль жолдорун тейлөө үчүн жол тейлөө жана жол куруу техникасын колдонуу менен авариялык-калыбына келтирүү жана реабилитациялык жумуштарды аткаруу потенциалын күчөтүү каралган.

Долбоордун алкагында 53 даана жол тейлөө жана жол куруу техникасын жана жабдууларды жана анын ичинде асфальт-бетон жана таш майдалоочу заводдор үчүн жабдууларды алып келүү каралган.

«Баткен облусунун автомобиль жолдорун жана жол катмарын тейлөө үчүн жабдууларды жакшыртуу» долбоору Баткен облусундагы автомобиль жолдорун жана жол катмарын, ошондой эле эл аралык маанидеги автомобиль жолун камтыйт жана Баткен облусунун жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана эл аралык маанидеги магистралдарды куруу, капиталдык жана учурдагы оңдоп-түздөө, ошондой эле аларды күтүү боюнча курулуш аянтчаларда заманбап жол куруу техникасын, жабдууларды жана автотранспорт каражаттарын өз убагында жайгаштырууга мүмкүндүк берет.

Гранттык Макулдашуунун шарттарына ылайык, Япония Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине Алмашуу ноталарына жана Гранттык макулдашуунун алкагында Япониянын мыйзамдарына ылайык 700 миллион япон йени (¥ 700000000) өлчөмүндө грант бөлөт.

Связанный пост