Баткенде жайыт жерлерин жеке менчикке берип жибергендерге иш козголду

 Баткенде жайыт жерлерин жеке менчикке берип жибергендерге иш козголду

Баткенде жайыт жерлерин жеке менчикке берип жиберген кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Баткен облустук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Баткен шаардык мэриясынын, Баткен регионалдык шаар курулуш жана архитектура башкармалыгынын жана “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Баткен филиалынын кызмат адамдары материалдык артыкчылыктарды алуу максатында туруктуу байланыш түзүшүп, Баткен шаарынын Чет-Булак кварталындагы башка категориядагы жерлердин түрлөрүнө которулбаган 4,8 га жайыт жерлерди З4 жаранга жеке менчикке берип жиберишкендиги аныкталган.

Жогоруда аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Связанный пост