Баткенде товарларды аткезчилик жол менен ташууга бөгөт коюлду

Баткен облусунда товарларды аткезчилик жол менен ташып келген каналга бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Товарларды мыйзамсыз алып өтүү мамлекеттик чек аранын кайтарылбаган тилкелери аркылуу жүргүзүлгөн, бул чек ара режимин жана бажы көзөмөлү мыйзамдарын одоно бузуу болуп саналат.

Алдын ала маалымат боюнча, адамдардын тобу Кыргызстан жана Тажикстандын аймагындагы өткөрүү пункттарын жана бажы жол-жоболорун аткарбай айланып өтүп, эл керектөөчү товарларды ташууга аракет кылышкан.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектүү 1994-жылы туулган Т.А.Т., 1985-жылы туулган К.З.К. жана 1999-жылы туулган Б.А.Р. жарандар кармалып, алардан 15 млн сомдон ашык суммадагы унаалар жана материалдык байлыктар алынды.

Учурда тергөө амалдары жүрүп, мыйзамсыз схеманын бардык катышуучулары аныкталууда.

Связанный пост