Баткенде тил эрежелери сакталбаган көрнөк-жарнактарга рейд жүргүзүлдү

Баткен шаарында мэриянын тийиштүү кызматкерлери, мамлекеттик тил боюнча адистер жана Баткен улуттук телерадиоканалынын журналисттери менен биргеликте шаардын борбордук көчөлөрүндө мамлекеттик тил эрежелери сакталбаган, кыргыз тилинде туура эмес жазылган көрнөк-жарнактардан арылуу максатында рейд уюштурду.

Рейддин жүрүшүндө эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар жеринде алынып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Буга чейин да рейд жүрүп, соода түйүндөрүнө, ашканаларга, дүкөн ээлерине эскертүүлөр берилип келген.

Эскерте кетсек, буга чейин шаар көчөлөрүн иретке келтирүү максатында муниципиалдык менчик башкармалыгы тарабынан да эскертүүлөр берилген.

Шаарда бул багыттагы иш-аркеттер алдыда дагы улантыла бермекчи.

Связанный пост