Баткенде Коргоо министрлигинин аскер бөлүгүнүн кызматкери кармалды

 Баткенде Коргоо министрлигинин аскер бөлүгүнүн кызматкери кармалды

Баткен облусунда Коргоо министрлигинин «Мурас» аскер бөлүгүнүн аскер кызматкери Ж.А.С. кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, 28-апрелде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө бодо малдарды аткезчилер менен бирге жеке өзү коштоп Тажикстанга мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган учурда Баткен облусунун Лейлек районунун Интернационал айылында Коргоо министрлигинин «Мурас» аскер бөлүгүнүн аскер кызматкери Ж.А.С. кармалды.

Материалдар мындан аркы укуктук баа берүү үчүн КР Аскердик прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Связанный пост