Баткенде 3 ай ичинде жол кыймылынын эрежелерин бузуу фактылары үчүн 9814 протокол толтурулган

 Баткенде 3 ай ичинде жол кыймылынын эрежелерин бузуу фактылары үчүн 9814 протокол толтурулган
Баткенде 3 ай ичинде жол кыймылынын эрежелерин бузуу фактылары үчүн 9814 протокол толтурулган. Бул тууралуу Баткен ОИИБи боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.
Баткен ОИИБи боюнча ЖКККБнын кызматкерлеринин 2023-жылдын 3 ай ичинде аткарган иштерин жыйынтыктаган ыкчам кеңешме болуп өттү. Ага Баткен ОИИБнын начальнигинин орун басары милициянын полковниги Бактияр Балтабаев жана ЖКККБнын начальниги милициянын подполковниги Мирлан Боенов, орун басары милициянын майору Абдибасыт Исаев, ошондой эле улук жана кенже испекторлор катышты. Ыкчам кеңешмеде жол кырсыгын алдын алуу жана өспүрүмдөрдүн жолдогу коопсуздугу боюнча маселелер каралып, жетекчилик тарабынан бөлүмчөлөргө тийиштүү тапшырмалар коюлду.
Жол инспекторлору тарабынан 3 ай ичинде жол кыймылынын эрежелерин бузуу фактылары үчүн 9814 протокол толтурулган.
Алардын ичинен, унаага тийиштүү документтери жок айдоо-182, мас абалында унаа башкаруу-189, ылдамдыкты ашыруу-1513, унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин атайын караңгылатып айдоо -21, коопсуздук курун тагынбай унаа башкаруу -4080, ар кандай жол кыймылынын эрежелерин бузуу – 3829 аныкталса, 480 унаа убактылуу айып короо жайына токтотулган.

Связанный пост