Баткен жана Нарын облустарында жер титиреди

 Баткен жана Нарын облустарында жер титиреди

Бүгүн Кыргызстанда эки ирет жер титиреди. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан маалымдашты.

Биринчи жер титирөө саат 16:32де болду. Жердин силкинүүсү Лейлек районунун Коргон айылында 2,5 баллды түздү. Жер титирөөнүн очогу Коргон айылынан 6 чакырым, Баткен шаарынан 50 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Экинчи зилзала саат 16:37де Нарын облусунда катталды:

– Кочкор районунун Семиз-Бел айылында — 3,5 балл, Арсы, Кочкор, Кара-Тоо, Кара-Суу, Большевик айылында жана Орто-Токой суу сактагычында — 3 баллга жетти.

Жердин силкинүүсүнүн очогу Семиз-Бел айылынан 8 км алыстыкта жайгашты.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кыйроолор жана жабыркагандар жок. Учурда тактоо иштери жүрүүдө.

Связанный пост