Баткен облусунда 2024-жылы 14 мектептин курулушу аяктады
Баткен облусунда 2024-жылы 14 мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу КРнын Президентинин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү маалымдады.
Алар;
Баткен шаарындагы С.Айтматов орто мектеби
Баткен районунун Таян айылындагы Таян орто мектеби
Баткен районунун Кайыңды айылындагы Ж.Турусбеков орто мектеби
Кадамжай районунун Көк-Талаа айылындагы К.Саттаров орто мектеби
Кадамжай районунун Кара-Жыгач айылындагы Дыйкан орто мектеби
Кадамжай районунун Чандеки айылындагы Х.Жаныбеков орто мектеби
Кадамжай районунун Халмион айылындагы Халмион орто мектеби
Кадамжай районунун Алыш айылындагы Козубаев орто мектебинин капиталдык оңдоп түзөө иштери
Лейлек районунун Комунизм айылындагы Сары-Дөбө орто мектеби
Лейлек районунун Лайли айылындагы Лайли орто мектеби
Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл аймагындагы Кара-Булак орто мектебинин капиталдык оңдоп түзөө иштери
Лейлек районунун Сумбула айыл аймагындагы Андарак орто мектеби
Лейлек районунун Коргон айылындагы К.Сабыров орто мектеби
Кызыл-Кыя шаарындагы Гулматов орто мектебинин капиталдык оңдоп түзөө иштери
Белгилей кетсек, өткөн жылы Баткен облусунда 31 мектептин курулуш, капиталдык оңдоп түзөө, долбоорлоо иштери жүрүп, жыл соңуна 14 билим берүү мекемесинин курулушу аяктап, эксплуатацияга тапшырылган.