“Баткен облусуна жеңилдетилген каржылоо – 2” долбоорунун алкагында 316,6 млн сом насыя берилген

 “Баткен облусуна жеңилдетилген каржылоо – 2” долбоорунун алкагында 316,6 млн сом насыя берилген

Баткен облусун өнүктүрүү жана калкына мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-августунда №508-тескемеси чыгып, анда “Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо-2” долбоору бекитилген.

Долбоордун максаты Баткен облусун андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу, ишкердик субъекттерине жана жеке жактарга жеткиликтүү жана жеңилдетилген кредиттик каражаттарды берүү жолу менен мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Бул долбоорду ишке ашырууга республиканын 2 коммерциялык банкы катышууда, аларды кредиттөөнүн көлөмү 350,0 млн сомду түзүүдө.

2023-жылдын 21-декабрына карата  бул Долбоордун алкагында Баткен облусунун 358 ишкердик субъекттерине 316,6 млн сом суммасында жеңилдетилген насыя берилген.

Связанный пост