Баткен облусуна 9 айда 1, 14 млрд сом каржыланды

 Баткен облусуна 9 айда 1, 14 млрд сом каржыланды

Баткен облусунун өнүгүү программасына   – 500,0 млн сом бекитилип, толугу менен каржыланды.

2022-жылдын 14-17-сентябрындагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы жаңжалдын натыйжасында Баткен облусунун чарба жүргүзүүчү субъекттерине келтирилген зыяндын орду толтурууга – 90,2 млн сом бөлүндү.

Баткен облусу боюнча 2023-жылдын 01-август айына чейин республикалык бюджеттин эсебинен бюджеттер аралык трансферттер катары жалпысынан 368 млн сом каржыланган. Алар:

–          Теңдөөчү трансферт  – 246,2 млн сом;

–          Максаттуу трансферттер – 121,8 млн сом.

Регионду өнүктүрүү фонддору боюнча Баткен облусуна 178,8 млн сом каржыланды, анын ичинен:

– Облустук өнүктүрүү фонду 117,4  млн сом;

– Райондук өнүктүрүү фонддору –  61,4 млн сом.

Өз алдынча жергиликтүү органдарга – электр энергияга   11,6 млн сом каржыланган.

Связанный пост