Баткен облусуна 439,3 млн сом бөлүндү
2023-жылдын 11 айында Баткен облусуна республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге 439,3 млн.сом каржыланды.
Анын ичинен:
Бюджеттер аралык трансферттер:
1. Теңдөөчү трансферт – 302,3 млн сом;
2. Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 27,9 млн. сом;
3. Электрэнергия болгон 50% компенсациясына – 45,4 млн сом;
4. Жер салыгынын жоготууларынын ордун толтурууга – 13,6 млн сом;
5. Бирдиктүү салык компенсациясына – 50,1 млн сом.
Мындан тышкары, Баткен облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) электр энергиясына кеткен чыгымдарды каржылоого республикалык бюджеттен – 13,8 млн сом бөлүнүп берилди.
Ошондой эле, мамлекеттик програмасына 500,0 млн сом, компенсация 39,0 млн сом каржыланды.
Жалпы – 992,1 млн сом.