Баткен облустук прокуратурасынын жаңы имараты пайдаланууга берилди

“Баткен жергесинде ири иштер жүрүп жатат. Башкысы, чек ара – жүрөктү өйүгөн негизги маселе болчу, чек арабыз чечилди. Былтыр, 2025-жылы – мамлекеттик чек ара толук такталып, өлкөнүн аймактык бүтүндүгү аныкталган тарыхый жыл катары жазылды. Үч мамлекеттин чек араларынын кесилишкен чекитинде Түбөлүк достук жөнүндө Худжанд декларациясына кол коюлду. Бул Келишим – “күчтүн” эмес, акылдын жеңиши болду!”-деди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Баткен облустук прокуратуранын жаңы имаратынын ачылышында.

МинКаб башчысы Баткен эли өтө оор сыноолорду баштан кечиргенин, эми ошол сыноолор артта калып, жаңы жашоонун эшиги ачылганы белгиледи.

“Биз жаңы айылдарды түптөдүк, жаңы айылдарды толугу менен гүлдөтүүгө кудуретибиз жетет. Азыр Кыргыз мамлекети күчтөндү. Береке-байлыктын көрсөткүчү болгон мамлекеттин ички дүң продукциясы 2 трлн сомго жетти. Бюджетибиз 1 трлн сомдон ашты. Мамлекетте бүт аймактарда ири курулуштар башталды”- деген ал, өлкө боюнча эки жылдан бери аймактык прокуратураларга 30дан ашык имарат салынганын белгилеп, бул прокуратура органдарынын натыйжалуу иштөөсүнө түзүлүп жаткан шарттар экенин кошумчалады.

Сөзүнүн акырында МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев прокуратура кызматкерлерине кайрылып, мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуу, мамлекеттин жана жарандардын кызыкчылыктарын коргоодо адилеттүү иштөөгө чакырды.

Связанный пост