Башкы прокуратура: Жеке ишкердин укугу калыбына келтирилди

Жеке ишкердин укугу калыбына келтирилди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, башкы көзөмөл органына Мамлекеттик салык кызматынан С. аттуу жеке ишкерге салынган административдик айыптын мыйзамдуулугун кароо тууралуу кайрылуу келип түшкөн.
Текшерүүдө, 2024-жылдын 14-октябрында Мамлекеттик салык кызматынын Биринчи май району боюнча башкармалыгынын башкы инспектору К. тарабынан С аттуу жеке ишкерге акциздик маркасы жок товарларды саткандыгы үчүн 65 миң сом административдик айып салуу жөнүндө токтом чыгарылгандыгы аныкталган.
Бирок министрлер кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы №94 токтомуна ылайык, маркалоо киргизилген датага чейин чыгарылган (2024-жылдын 1-июнунан) маркаланбаган акциздик товарлардын (кант кошулмаларын камтыган минералдык жана газдалган суулар) калдыктарын 2025-жылдын 1-январына чейин жүгүртүүгө уруксат берилген.
Жогорудагы мыйзам бузууларды жоюу максатында Башкы прокуратура тарабынан айып салуу жөнүндө токтом жокко чыгарылган. Ал эми мыйзам бузууга жол берген салык кызматынын башкы инспектору КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 435-бер. ылайык административдик жоопкерчиликке тартылды.