Балдарды медициналык кароодон өткөрүү санариптештирилди
“Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында кийинки реформа окуучулардын алдын алуу медициналык кароосун жана ооруга чалдыгууну эсепке алууну санариптештирүүгө багытталды. Бул тууралуу минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев өткөргөн аппараттык кеңешменин жүрүшүндө “Өкмөттүк акселераторлор” аттуу 100 күндүк программанын алкагында ишке ашырылган үч реформанын жыйынтыгын чыгарган жыйында белгилүү болду.
Минкаб төрагасы Адылбек Касымалиевдин тапшырмасы жана президенттин администрациясынын координациясы менен 095/у формасындагы медициналык маалымкат жана 026/у формасындагы алдын алуу медициналык кароонун картасы электрондук форматта жүргүзүлдү.
Буга чейин бул документтер негизинен кагаз түрүндө таризделип, саламаттык сактоо жана билим берүү уюмдарынын ортосунда кол менен өткөрүлчү. Бул медицина кызматкерлерине жана ата-энелерге кошумча жүк түзүп, алдын алуу кароолорунун жыйынтыгы бирдиктүү маалыматтык базага түзүлбөй калчу. Өткөн жылы 2 млнго жакын баланы алдын алуу кароосу менен камтуу керек болчу, иш жүзүндө 89 пайызы кароодон өткөн.
Реформанын алкагында “Sanarip Clinic” маалыматтык системасында санариптик модулдар иштелип чыкты, саламаттык сактоо жана билим берүү системаларынын ортосунда электрондук маалымат алмашуу камсыздалды. Эми 095/у жана 026/у формаларын медицина кызматкери электрондук түрдө түзүп, билим берүү уюмдарына өткөрүп берет жана ата-энелер “Түндүк” мобилдик тиркемесинен көрө алышат. Жаңы механизм медициналык жана билим берүү уюмдарынын ортосунда кагаз маалымкаттарды өткөрүү зарылдыгын жокко чыгарат, ошол эле учурда дарыгердик сырдын сакталышы камсыздалат.
Реформа биринчи жолу окуучулардын алдын алуу кароолорунун жыйынтыгы жана ооруга чалдыгуусу боюнча мониторинг жана башкаруу чечимдерин кабыл алуу үчүн маалыматтардын бирдиктүү массивин түзүүгө мүмкүндүк берет. Бюджеттик каражаттардын күтүлгөн үнөмдөлүшү болжол менен 50 млн сомду түзөт.