Бала-Саруу ГЭСи 30 миңден ашык калкты электр энергиясы менен камсыздоодо

 Бала-Саруу ГЭСи 30 миңден ашык калкты электр энергиясы менен камсыздоодо

Бала-Саруу ГЭСи жети айдын жыйынтыгы боюнча 74 млн кВт/саат электр энергиясын өндүрдү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Бүгүн энергетика министри Таалайбек Ибраев Талас облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында ГЭСтин учурдагы иштөө абалы менен таанышты.

Бала-Саруу ГЭСи Талас облусунун Киров суу сактагычында жайгашкан, жалпы кубаттуулугу 25 МВтты түзөт. Учурда Бала-Саруу ГЭСинин 3 гидроагрегаты тең толук иштеп, бүгүнкү күнгө электр энергиясынын суткалык өндүрүшү 300 миң кВт/саатты түзөт.

Жети айдын жыйынтыгы боюнча 74 млн кВт/саат электр энергиясы өндүрүлүп, 2025-жылга коюлган 80 млн кВт/сааттын 92,5%пайыз аткарууга жетишти.

Учурда Бала-Саруу ГЭСи Талас облсунун үч районунун 30 миңден ашуун калкын электр энергиясы менен камсыз кылууда.

Министр ГЭСтин активдүү иштеп жатканына күбө болуп, алдыдагы күз-кыш мезгилине карата даярдык иштерин сапаттуу жүргүзүүнү тапшырды.

Связанный пост