Бакыт Торобаев “Ноокат алмасы” айыл чарба багбанчылык кооперативинин иши менен таанышты

 Бакыт Торобаев “Ноокат алмасы” айыл чарба багбанчылык кооперативинин иши менен таанышты
Бүгүн, 8-февралда, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Торобаев, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев Ноокат районунун Н. Исанов атындагы айыл аймагындагы “Ноокат алмасы” айыл чарба багбанчылык кооперативинин иши менен таанышты.
Учурда “Ноокат-Алмасы” айыл чарба багбанчылык кооперативинде 15,0 га жерге интенсивдүү алма багы, 4,0 га гилас багы, 4,0 га жер аянтында жаңгак бактары бар. Андагы гала шнига, ред кап, ред джона принц, айдаред, гольден делишес көчөттөрүнүн сорттору Польша жана Турция мамлекеттеринен алынып келинген жана Израиль мамлекетинен алынып келинген заманбап тамчылатып сугаруу системасы аркылуу сугарылат. Ишканада сезондук мезгилде 70ке жакын жергиликтүү тургундар жумуш менен камсыз болушат.
Бүгүнкү күндө сыйымдуулугу 1200 тоннага ылайыкташтырылган логистикалык борбордун курулуш иштери аяктоо алдында турат. Мындан тышкары сыйымдуулугу 350 тоннага ылайык мөмө-жемиш сактоочу муздаткыч курулуп, таңгактоочу линия, сорттоо жана жуугуч цехи бар.
Көчмө жыйындын соңунда “Ноокат-Алмасы” кооперативинин базасындагы атайын окуу борборунда республиканын бардык аймактарындагы дыйкан, фермерлер үчүн семинарларды уюштуруу чечими кабыл алынды.
Бул семинарларда бак үчүн жер кыртышын даярдоо, алманын сортун тандоо, тамчылатып сугаруунун өзгөчөлүгү, интенсивдүү алма багын кесүү (обрезка), зыянкечтер менен күрөшүүнүн жаңы ыкмалары боюнча практикалык жактан тажрыйба алмашуу болот.
Ошондой эле “Ноокат алмасы” деген бренд менен жергиликтүү алмаларды Кытайга экспорттоо боюнча келишимдерди түзүүгө көмөк көрсөтүү, атайын алма фестивалдарын уюштуруу тапшырмасы Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрүнө берилди.

Связанный пост